Эң кичине квадраттар методу

Википедия дан

Эң кичине квадраттар методу - кокус катасы бар өлчөөнүн натыйжасы боюнча белгисиз чоңдуктарды баалоо үчүн каталар теориясынын бир методу; берилген функцияны башка (жөнөкөйүрөөк) функция менен жакындаштырып көрсөтүүдө колдонулуучу метод.

Бул методду немис математиги К. Гаусс жана фр. математик А. Лежандр сунуш кылган. Э. к. к. м-нун математикалык негиздөөсүн жана колдонуу чегин орус математиктери A. А. Марков (улуусу) менен А. И. Колмогоров далилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4