Юдахин Константин Кузмич
Юдахин, Константин Кузьмич (1889-1890-1975) - чыгаан түрколог окумуштуу, кыргыз таануучу.
Тагдыр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Константин Кузьмич Юдахин 1890-жылы падышалык Орусиянын Орск шаарында туулган.
1910-жылы Ташкендеги Түркстан мугалимдер семинарийин бүткөн.
1925-жылы Орто Азия мамлекеттик университетин аяктаган.
1949-жылы филология илимдеринин доктору наамын алган.
1952-жылы Өзбекстан Илимдер академиясынын кабарчы-мүчөсү болуп шайланган.
1954-жылы Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) Кыргыз тили кафедрасынын профессору болгон, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын алган.
20-кылымдагы ири түрколог-сөздүкчү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Константин Кузьмич Юдахин 1927-жылы өзбек-орус сөздүгүн, 1928-жылы уйгур-орус сөздүгүн түзүп жарыялаган.
1940- жана 1965-жылдары кыргыз-орус сөздүгүн жарыялаган.
1944- жана 1959-жылдары орус-кыргыз сөздүгүн жарыялаган.
Кыргыз сөздүгүн түзүүдө ага кыргыздын түрколог окумуштуусу, тилчи, академик Кусейин Карасаев өзгөчө жардам берген. Дагы бир кыргыз тилчиси - Ж.Ш.Шүкүров да өзүнө жардам бергенин К.К.Юдахин 1965-жылы чыккан кыргызча-орусча сөздүгүнүнү кириш сөзүндө белгилеген (6-бет).
Эстутум
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2002-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маңдайына К.К.Юдахиндин айкели тургузулган.
Жарык көргөн эмгектери. Сөздүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юдахин К.К. Киргизско-русский словарь. Около 40 000 слов. Составил проф. К.К. Юдахин / Кыргызча-орусча сөздүк. Сөздүктө 40 000ге жакын сөз бар. Түзгөн проф. К.К.Юдахин. - Москва: "Советская энциклопедия" басмасы, 1965. - 973 бет.
Пайдаланылган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө. - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.