Юлдашбай Тургунов

Википедия дан

Тургунов Юлдашбай (1901, азыркы Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак кыштагында төрөлгөн. - 1978, Кара-Суу району, Кызыл-Шарк кыштагы) - пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). Колхоз уюштурууга активдуу катышуучу. 1936-65-жылдары «Кызыл-Шарк» (кийин X. Таширов атн.) колхозунда пахта өстүрүүчү бригаданы жетектеген. Анын бригадасы 1947-жылы 6 га аянттын ар гектарынан 89,2 цден пахта жыйнап алган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.