Юматова Анна Тихоновна

Википедия дан

Юматова Анна Тихоновна (1924, Ысык-Көл обл., Түп району, Николаевка кыш. - 1988, Фрунзе) - колхоз өндүрүшүнүн новатору, Социалисттик Эмгекке Баатыры (1966). 1942-ж. Ысык-Көл айыл чарба техникумун бүтүрүп, Түп районундагы жер бөлүмүндө улук агроном болуп иштеген.

1948-жылдан Покровка (азыркы Жети-Өгүз) райондук жер бөлүмүнүн башчысы. 1953-55-ж. Покровка райаткомунун төрагасынын орун басары, Жети-Өгүз МТСинин директору (1955-60). Ал 28 жыл (1960-88) ошол райондогу «Коммунизм» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Ал башкарган колхоз жети жылдыкта (1959-65) айыл чарба продуктуларын өндүрүүдө жана мамлекетке сатууда бир кыйла ийгиликтерге жетишкен. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарынан 5-6 дден (1960) 31 цге жогорулаган (1966). 1959-84-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (5-10-шайланышынын) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4