Карл Юнг

Википедия дан
Юнг, Карл Густав‎»‎ барагынан багытталды)

Карл Густав Юнг (1875–1961) — швейцариялык психолог, «аналитикалык психологияны» түзүүчү.

Юнгдун оюна ылайык, инсан тиешелүү акыл-ойсуздук менен катар «коллективдүү аң-сезимсиздиктин» алда канча терең катмарлары бар. Ал жерде болсо эң алгачкы психикалык структуралар (архетиптер) түрүндө дүйнөнү априордуу кабыл алууну ж-а аңдап түшүнүүнү камсыз кылып турган адамзаттын байыркы тажрыйбасы сакталат. Адамдын психикалык турмушунун негизги мазмуну деп, Ю. «индивидуация» процессин, же болбосо личносттун өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга умтулуусун эсептеген. «Аналитикалык психологиянын» милдети деп, Ю. пациенттерде пайда болуучу архетиптик образдардын врач тарабынан түшүндүрүлүшүн эсептеген. Анын оюнча, бардык улуу идеялар архетиптик пайдубалга негизделген. Башкы чыгармалары: «Либидонун метаморфозалары жана символдору», «Психологиялык типтер», «Кубулуунун символдору» ж. б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8