Юра дүйнөсү

Википедия дан

"Юра дүйнөсү"" (англ. Jurassic World, орус. Мир юрского периода) Юра паркы сериясындагы 4-тасма. Ал 2015-жылы Америкада тартылган илимий-фантастикалык фильм. Кинонун режиссёру жана сценарийинин авторлорунун бири Колин Треворроу, продюсери Франк Маршалл менен Патрик Кроули жана башкы ролдорду ойногондор Крис Пратт менен Брайс Даллас Ховард. Тасманы Стивен Спилбергдин Amblin Entertainment компаниясы менен Томас Туллдун Legendary Pictures компаниясы тартышкан. Юра паркы фильминин алгачкы сериясы чыккандан 22 жыл өткөндөн кийин "Юра дүйнөсү" ошол эле ойдон чыгарылган Исла Нублар аралында орун алат. Аралдагы тематикалык парк Коста Рика өлкөсүнүн Тынч океанынын жээктерине жакын жайгашат. Анда клондоштурулган динозаврлар 10 жылдан бери иштеп келаткан болот. Генетикалык жол менен жандандырылган динозавр аралда каарын чачып, заматта эле паркта башаламандык чыгып кетет.

Universal Pictures компаниясы Юра паркынын 4-сериясын 2004-жылы эле тартып, 2005-жылдын жайында экранга чыгаргысы келген. Бирок тасманын сценарийи текшерилип көздөн-көзгө, колдон-колго өтүп атып "өндүрүштүк тозокко" он жылга чейин түшүп калган. Спилбергдин сунушу менен жазуучулар Рик Жаффа менен Аманда Силвер иш жүзүндөгү динозавр паркын изилдей башташкан. Треворроу 2013-жылы режиссёр катары жумушка алынгандан кийин ошол эле идеянын үстүнөн иштеп жүрүп, бирок кошумча Дерек Коннолли менен бирге бүтүндөй жаңы сценарийди жазып коюшкан. Тасма тартуу иштери 2014-жылдын апрелинен август айына чейин созулган. Кинонун көпчүлүк бөлүгү Луизинада тартылса, ошондой эле Гаваидеги Юра паркы орун алган жерлерде да кино команда иштеген. Айта кетчү жагдай, динозаврлар компьютердик технологиянын жардамы менен Industrial Light & Magic компаниясы тарабынан жасалса, ал эми чыныгы жашоодогу сыяктуу аниматроникалар Legacy Effects тарабынан өндүрүлгөн. Legacy Effects Юра паркынын ардагери жана мүчөсү Стэн Уинстон тарабынан негизделген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]