Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү

Википедия дан

Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү – юридикалык жактын анын уюштуруу документеринде каралган ишмердиктин максаттарына ылайык жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү. Коммерциялык уюмдар, ишканаларды кошпогондо, иш жүргүзүүнүн мыйзамда тыюу салынбаган аргандай түрүн ишке ашырууга зарыл болгон жарандык укуктарга жана милдеттерге (жалпы укук жөндөмдүүлүгүнө) ээ болушат. Ушуга жараша коммерциялык эмес уюмдар жана мыйзамда көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башка түрлөрү өздөрүнүн уюштуруу документтеринде жана мыйзамда улуксат берилген гана иштер менен (атайын укук жөндөмдүүлүгү) алектене алышат. Ишмердиктин айрым түрлөрү (тизмеси мыйзам тарабынан аныкталуучу) менен алектенүү үчүн лицензия алуу зарыл. Юридикалык жактын укуктары мыйзамда каралган учурларда жана тартипте гана чектелүүсү мүмкүн. Юридикалык жак укугунун чектелүүсү тууралуу чечим боюнча сотко даттана алат. Ю. ж. у. ж. ал түзүлгөн учурдан тартып пайда болот жана анын жоюлушу аяктаганда токтотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]