Юридикалык жоопкерчилик
Көрүнүш
Юридикалык жоопкерчилик – укук бузган учурда, субъектинин анын жагымсыз кесепетине чыдоонун укук ченемдеринде каралган милдети. Социалдык жоопкерчиликтин бир түрү. Ю. ж. принциптери: а) ойлогондугу үчүн эмес, укук бузуу жүрүм-туруму үчүн гана жоопкерчилик; б) күнөөсү болгон учурдагы гана жоопкерчилик; в) мыйзамдуулук; г) адилеттүүлүк; д) максаттуулук; е) жазасыз калбоо. Мындай жоопкерчиликти бекемдей турган юридикалык ченемдердин тармактык тийиштүүлүгүнө жараша, ал төмөнкүдөй бөлүнөт: кылмыш-жаза, административдик, жарандык, тартипке чакыруу жоопкерчилиги.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7