Юридика аталгылары

Википедия дан

Юридика аталгылары – мамлекеттин ченемдик укуктук эрежелеринин мазмуну чагылдырылуучу жана бышыкталуучу мамлекеттик-укуктук түшүнүктөрдүн сөз жүзүндөгү берилиши, юридикалык техниканын элементи. Ю. а. төмөнкү түрлөргө бөлүштүрсө болот: а) жалпы маанилүү аталгылар (алар демейки мааниде колдонулгандыгы жана баарыга түшүнүктүүлүгү менен мүнөздөлөт); б) өзгөчө укуктук мазмунга ээ, атайын юридикалык аталгылар, м.: зарыл коргонуу чарасы, доонун эскиргендиги ж. б.; в) атайын техникалык аталгылар; атайын билимдер тармагын чагылдырат – техникалык, экономикалык, медициналык ж. б. (м.: иондоштуруучу нурлануулар, трансгендик организмдер ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]