Юрий Николаевич Афанасьев

Википедия дан

Юрий Николаевич Афанасьев (1934-жыл 5-сентябрь, Майна а. Ульянов облусу СССР - 2015-жыл 14-март, Санкт-Петербург, Орусия) - совет жана орус саясатчысы жана тарыхчысы. Москва Мамлекеттик тарых жана архив институтунун ректору (1986-1991), Орусия мамлекеттик гуманитардык университетинин негиздөөчүсү, ректору (1991-2003) жана президенти (2003-2006).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1957). Институттан кийин Красноярск ГЭСинде комсомол катчысы болуп иштөө үчүн Дивногорскко кеткен (жумушу - жаштарды тиричиликке жана жумушка орноштуруу, окуусун жана эс алуусун уюштуруу болгон). Бул жерде тогуз жылын өткөргөн.

1971-жылы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасын аяктаган. Эки жолу (1971, 1976-жылдары) Париж университетине (Сорбонна) такшалмага барган.

1972-1981-жж. ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мектебинин жалпы тарых кафедрасынын доценти, окуу иштери боюнча проректору болгон. 1983-жылы "Коммунист" журналынын тарых бөлүмүнүн редактору болуп дайындалып, журналдын редколлегиясына мүчө болгон.

СССР ИАнын Жалпы тарых институтунун чет өлкөлөрдүн тарыхы жана маданияты секторунун башчысы, улук илимий кызматкери болуп иштеген; "Коммунист" журналынын редколлегиясынын мүчөсү, тарых бөлүмүнүн редактору болуп иштеген.

Тарых илимдеринин доктору, Орусия табигый илимдер академиясынын академиги, профессор.

2015-жылы 14-сентябрь күнү Москвада 82 жашында көз жумган. Коштошуу зыйнаты 17-сентябрда Сахаров борборунда болуп өткөн. Мытищидеги (Москва облусу) Осташков көрүстөнүнө коюлган.

Саясий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдардын аягында тарых илиминин абалын сындаган бир катар макалаларынан кийин интеллигенциянын арасында таанымал боло баштаган. КПССнын XIX конференциясынын делегаты (1988). 1989-жылы Москва облусундагы Ногин аймактык № 36 округунан СССРдин эл депутаты болуп шайланган. Аймактар аралык депутаттар тобунун мүчөсү болгон.

1990-жылы КПССдан чыккан (1954-жылдан бери мүчө болгон). Ошол убакыттан тарта "Жарандык аракет" кыймылынын мүчөсү болгон. "Демократиялуу Орусия" кыймылынын уюштуруучуларынын бири жана теңтөрагасы болгон. 1991-жылкы "Демократия конгрессинин" катышуучусу. "Көз карандысыз жаран демилгеси" тобунун демилгечиси жана лидери. (Марина Салье, Леонид Баткин, Юрий Буртин жана Бэла Денисенко менен бирге).

1991-жылы кеткен депутаттын ордуна шайлоодо Москванын № 41 аймактык округунан РСФСРдын эл депуттыгына шайланган.

1993-жылы элдик депутат ыйгарым укуктарын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Ю.Н. Афанасьевди “кайра куруунун прорабдарынын” бири деп аташат (бирок өзү М.С. Горбачевдун иш аракеттеринин активдүү жактоочусу болбогонун, өкмөттүн багытына макул эместигин билдиргенин ырастаган). “Тил алчаак агрессивдүү көпчүлүк” сөз айкашынын автору. Афанасьев муну СССРдин 1989-жылкы I Съездинин депутаттарына карата айткан. Кийин бул сөз кеңири жайылып, клишеге айланган.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий кызыгуулары: тарых илиминин тарыхы, франсуз тарых-наамасы, “Анналдар” Мектеби, Орусия тарыхы, илим тарыхынын теориялык жана усулдук негиздери, саясат таануу, билим берүү философиясы (жаңы билим берүү системдери жана билим берүү технологиялары).

Чет өлкөдөгү илимий командировкаларында Фернан Бродел, Жак ле Гофф, Жож Дүби сыяктуу көптөгөн франсуз тарыхчы-медиевисттери жана культурологдору менен жеке жана кесиптик мамилелерди түзүп, бул мамилелерди көп жылдар бою уланткан. Бул окумуштуулардын көз караштарын Орусияда жайылткан, эмгектерин басып чыгарууга көмөк көрсөткөн.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ардактуу легион кавалери (Франция)
  • "13-Март" эс-тутум төш белгиси (Литва, 1992-жылдын 1 сентябры)
  • Улуу Литва князы Гядиминас орденинин командору (Литва, 2001-жылдын 27-марты)
  • Үч жылдыздын IV даражадагы орденинин офицери (Латвия, 2001)
  • Поляр жылдызы орденинин I даражадагы командору (Швеция, 2004)
  • Польша Республикасына кызмат орденинин офицери (Польша, 2003)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]