Юрий Никулин

Википедия дан

Никулин Юрий Владимирович (18. 12. 1921, Смоленск Облусттук, Демидов – 21.8.1997, Москва) – цирк артисти, клоун, киноактёр, СССР эл артисти (1973). 1950-жылы Москва циркинин сөз жанры студиясын бүтүргөн. 1982–97-жылы Цветной Бульвардагы Москва мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси жана директору. 1947-жылдан клоун катары М. И. Шуйдин менен дуэттерде чыгып жүргөн. Никулин бир караганда өтө эле жөнөкөй, бирок эч кимге «жемин жедирбеген» кейипкердин образын түзгөн. 1958-жылдан киного тартыла баштаган. Л. И. Гайдайдын комедияларындагы («“Ы” операциясы жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967), «Жакут кол» жана башка). Комедиялык кейипкерлер мененкатар «Кел мага, Мухтар» ( 1965), «Каракчы чалдар» (1972), «Алар мекен үчүн салгылашкан» жана башка фильмдерде драмалык ролдорду да аткарган. Телекөрсөтүүдө «Ак тоту куш» берүүсүн алып барган. «Дээрлик олуттуу...» китебинин автору (1979, 1987, 1995). РСФСР мамлекеттик сыйлыктын (1970) лауреаты. Социалисттик Эмгек Баатыры (1990). «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]