Юсупов, Догдурбек

Википедия дан

Догдурбек Өмүржанович Юсупов (Жайыл районунун Кайырма айылында 1952-жылы 1-августта туулган)- акын, жазуучу жана журналист.
Орто мектепти аяктагандан кийин пионер тарбиячысы болуп иштеп,
1970–1975-жылдары Пржевальск педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.
Жайыл райондук гезитинде котормочу,
Талды-Булак орто мектебинде мугалим,
Панфилов райондук «Эмгекке даңк» гезитинде котормочу, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, 1991-жылдан Чүй облустук «Чүй баяны» жана «Аалам» гезиттеринде башкы редактордун орунбасары болуп иштеген.
Учурда «Кыргыз Туусу» гезитинде башкы редактордун орунбасары.
Студент кезинен ырлары, аңгемелери мезгилдүү басма сөздөргө, «Темир канат», «Учкун» альманахтарына жарыяланып келет.
1984-жылдан СССР Журналисттер союзунун,
1991-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Журналистика жаатында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2005) менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ:

Кыргыз тилинде

Кечүү. Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1981. – 40 б.

Көл кечи: Ырлар топтому. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 54 б.

Биздин балалыктын асманы: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1989. – 106 б.

Шүүдүрүмдөгү издер: Ырлар, поэмалар, сатиралар, пародиялар. – Б.: Бийиктик, 2008. – 208 б.