Юсупов Рысбек

Википедия дан

Юсупов Рысбек (1948-ж. т., Казакстан, Жамбыл обл., Жамбыл району, Абай кыш.) - саанчы, Социалисттик Эмгекке Баатыры (1991).

Кыргыз ССРинин Мамлекеттик (1989) жана ВЛКСМ сыйлыктарынын (1976) ээси. Эмгек жолун 1961-ж. Казакстандагы Жамбыл тажрыйба станциясында иштеп баштаган. 1966-жылдан Кыргызстан кант кызылчасы тажрыйба - селекциялык стандиясында сүт товар фермасында саанчы. 1990-ж. 20 уйдан 20 музоо алып, ар бир саан уйдан 7225 гсгдан сүт саап алган. 1970-87-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4