Юткевич Сергей Иосифович

Википедия дан

Юткевич Сергей Иосифович (15 (28). 12.1904, Петербург - 23. 4. 1985, Москва) - совет кинорежиссёру, сүрөтчү, искусство таануу илимдин доктору (1941), проф. (1940). РСФСРдин эл артисти (1957), СССРдин эл артисти (1962), Социалисттик Эмгекке Баатыры (1974), 1921-23-ж. Москвадагы мамлекеттик жогорку режиссёрдук өнөрканаларда (жетекчиси В. Э. Мейерхольд) жана Жогорку көркөм техникалык өнөрканада (ВХУТЕМАСта) билим алган.

Юткевич театр режиссёру жана сүрөтчүсү катары да белгилүү. 1929-38-ж. Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) педагог, 193646-ж. Ички иштер эл комиссариатында (НКВД) ыр-бий ансамблинин башкы режиссёру болуп эмгектенген. Фильмдери: «Кружева» (1928), «Мылтыкчан киши» (1938), «Яков Свердлов» (1940), «Отелло» (1956, Шекспирдин трагедиясы боюнча), «Ленин жөнүндө ангеме» (1958) ж. б. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1941, 1947, 1967, 1983). Үч Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4