Яблочкина Александра Александровна

Википедия дан

Яблочкина Александра Александровна (3.[15]-ноябрь 1866, Санкт-Петербург — 20-март 1964, Москва) — орус совет актёру.

РСФСРдин эмгектин сиңирген артисти (1922), СССРдин эл артисти (1937). 1888жылдан Москвадагы Кичи театрда, 1915-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бүткүл россиялык театрлар коомун жетектеген. Аткарган ролдору: Софья (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), «Дездемона» (У. Шекспир, «Отелло»), Варвара (А. Корнейчук, «Богдан Хмельнидкий») ж. б. Яблочкина классикалык ролдорду мыкты аткарган. Ысмы Москвадагы Актёрлор үйүнө берилген. 1995-ж. анын ысмында сыйлык уюштурулган. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1943). Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4