Ядринцев, Николай

Википедия дан

Николай Михайлович Ядринцев (1842-1894) – Сибирди изилдеген археолог жана этнограф. 1865-ж. камалып, түрмөдө жана сүргүндө 9 жыл жүргөн.
Алтайга (1878-1880), Миң-Суу өрөөнүнө жана Орхонго (1886, 1889, 1891) илимий экспедиция жасаган. Орду-Булактын (Хара-Балгас), Каракорумдун ордун изилдеген, 1889-ж. Түндүк Моңголияда Кошо-Цайдам деген жерден Күл-Тегинге арналган эстеликти, 1891-ж. Көкшүн-Орхон деген жерден Элтерес ханга арналган Онгин эстелигин ачкан.
Ядринцев жергиликтүү элдин турмушун жакшыртуу үчүн күрөшкөн.
1882-ж. ал Сибирди үйрөнүү боюнча алгачкы мезгилдүү басылманы – “Восточное образование” гезитин негиздеген. (Т.Ч.)

Маалымат булактары:
Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк”, 1990.