Ядролук жарылуу

Википедия дан

Ядролук жарылуу - ички ядролук энергиянын бөлүнүп чыгышы менен коштолгон жарылуу.

Ядролук жарылуу оор ядронун бөлүнүшүнүн уланма реакция учурунда же ядро куралындагы заряддын ичинде болуп өтүүчү тержоядролук реакциянын натыйжасында пайда болот. Ядролук жарылуу кезинде темпра 10 млн градус, ал эми басым миллиард атмрага жетет. Бул учурда Ядролук жарылуунун кыйраткыч күчтөрү болуп согуу толкуну, жарык нурлануусу жана өтмө радиация эсептелинет. Биринчи атом бомбасы АКШда даярдалып, ал 1945-ж. 16-июлда Аламогордого жакын (Нью-Мексико штаты) жерде сыналган; 1945-ж. 6 жана 9-августта америкалык эки атом бомбасы Хиросима жана Нагасакиге ташталган. Биринчи атом бомбаларынын энергиялары болжол менен 10г1эрг 10иДж, бул 20 миң т тротил жарылганда бөлүнүп чыккан энергияга барабар (эквиваленттүү), КМШ өлкөлөрүндө биринчи атом бомбасы 1949-ж. августта, ал эми 1953-ж. 12-августта мындан да кубаттуу водород бомбасын алган. к. Тротил эквиваленти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4