Ядролук отунду кайра иштетүү

Википедия дан

Ядролук отунду кайра иштетүү - химиялык тазалоо жолу менен иштетилген ядролук отундан уран, плутоний жана радиоактивдүү изотопторду бөлүп алуу процесси.

Ал өнөр жайлык, илимий же медициналык максаттарда андан бөлүнүүчү радионуклиддерди (барыдан мурда уран-233, 235 жана плутоний-239ду) бөлүп алуу, уранды жутуучу кошундулардын нейтрондорунан тазалоо, нептунийди жана айрым башка трансуран элементтерин бөлүп алуу, айрым изотопторду алуу максатында жүргүзүлөт. Ядролук отунду кайра иштетүү деп энергетикалык, илимий же трансп. реакторлордун твэлдерин (жылуулук чыгаруучу элемент) кайра иштетүүнү, ошондой эле көбөйтүүчү реакторлордун бланкеттерин кайра иштетүүнү да түшүнөбүз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4