Ядролук ракета

Википедия дан

Ядролук ракета - ядро кыймылдаткычынын тартуу күчү радиоактивдүү ажыроодо же ядро реакция учурунда бөлүнүп чыккан энергиядан пайдалануучу ракета.

Анын тартуу күчү химиялык кыймылдаткычтуу ракетага караганда өтө жогору. Ядро ракета кыймылдаткычынын энергия булагы - ядро отуну. Ядро реакторлуу ракета кыймылдаткычында ядронун бөлүнүүсүнүн уланма реакциясынын натыйжасында пайда болуучу жылуулук жумуш аткаруучу нерсеге (мис., суутекке) берилет; ядро реакторунун активдүү (реакция жүрүүчү) зонасы катуу, суюк же газ фазалуу нерседен жасалат. Радиоизотоптуу ядро ракета кыймылдаткычында радиоактивдүү ажыроонун энергиясы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4