Ядролук реакциялар

Википедия дан

Ядролук реакциялар – атом ядросу башка ядролор же элементардык бөлүкчөлөр менен аракеттешүүсү менен шартталган атомдук ядролор бири бирине айланышы. Адатта Я. р. бута зат оор ядролорун жеңил ядролор же бөлүкчөлөр шооласы менен бомбалоодо ишке ашат. Я. Р. катышкан ядролор курамы жана касиеттери өзгөрөт. а+А®в+В типтеги ядролук реакция кыскача А (а, в)В деп жазылат, мында, а – бомбалоочу ядро, А – бута ядросу, В – акыркы ядро (ядро - продукт), в – учуп чыгуучу бөлүкчө. Бомбалоочу бөлүкчөлөр энергиялары боюнча Я. р. шарттуу түрдө: төмөнкү (< 1 МэВ), орто (1-10 МэВ) жана жогорку (> 100 МэВ) энергиядагы реакциялар деп айырмаланат. Я. Р. негизги мүнөздөмөсү – анын жылуулук эффектиси. Я. Р. изилдөөнүн негизги максаты – атомдук ядролор түзүлүшүн жана касиеттерин, алардын айлануу механизмин жана ядролор теориялык моделдерин текшерүү. Оор ядролор бөлүнүү реакциялары жана жеңил ядролор синтези ядролук энергетиканын негизинде жатат. Я. р. нейтрондор, мезондор жана башка туруктуу эмес бөлөкчөлөр булагы катары колдонулат. Я. р. жардамы менен илим, техника, медицина бардык тармактарында колдонулуучу миңден ашык радиоактивдүү нуклиддер алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]