Ядролук физика

Википедия дан

Өзөктүк(ядро) физика - физиканын атом ядросунун түзүлүшүн, радиоактивдүү ажыроо процесстерин жана ядролук реакциялардын механизмин окуп-үйрөтүүчү бөлүгү.

Ядролук физика радиоактивдүүлүк (1896) ачылгандан пайда болгон. Ага чейин атом ядросу бар экендиги белгисиз эле. Ядролук физика ядролук энергетиканы, радиоизотопторду, радиоактивациялык процесстерди жана радиолук кубулуштарды өндүрүштө жана техникада колдонуунун негизин түзөт. Физикада атом ядросу жөнүндөгү илим бир нече бөлүмдөрдөн турат. Ядронун структурасы жана жалпы касиетине анын массасы, заряды массалык жана заряддык саны, ядронун байланыш энергиясы, механикалык, магниттик жана электрдик моменти, ядронун натыйжалуу көлөмү жана дүүлүккөн энергия деңгээлин камтыйт. Ядролук физиканын бөлүктөрүнө ядро реакциясы, элементардык бөлүкчөлөр, нейтрондук физика ж. б. кирет. Анын өсүшү ядролук техника деген өзүнчө тармактын пайда болушуна алып келген. Азыр ядролук физика медицина, техника ж. б. тармактарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Калып:Nuclear-stub