Якобсит

Википедия дан

Якобсит (эң биринчи табылган жердин — Швециядагы Якобсбергдин атынан аталат) — шпинелдер тобундагы татаал оксиддер классчасындагы минерал, Mn2+Fe3+04. Киринди элементи Zn.

Кристаллдары сейрек, агрегаттары бүртүктүү, туташ. Өңү кара, металлдай жылтырайт, тунук эмес, өтө жука сыныгынан гана күн нуру өтөт. Катуулугу 5,5-6,5. Тыгыздыгы 4,754,93 г/смг. Морточо Магниттүү. Марганецке бай чөкмөлөрдө, төмөнкү температуралык метаморфизм тектеринде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4