Яков Зельдович

Википедия дан

Зельдович Яков Борисович - [23. 2(8. 3). 1914, Минск 2. 12. 1987, Москва] орус физик-теоретиги; күйүү, детонация жана согуу толкундарынын азыркы теориясына негиз салуучулардын бири жана илимий мектепти түзүүчү. СССР ИАнын академиги (1958; корреспондент мүчө, 1946), үч жолу Социалистик Эмгектин Баатыры. СССР ИАнын Химия физика институтунда (1931), Колдонмо матем. институтунда (1964) иштеген. ММУда профессор (1966-жылдан). Физика, химия, астрофизика, элементардык бөлүкчөлөр теориясы, ядролук физиканын тармактары боюнча маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1939-41-ж. орус физиги Ю. Б. Харитон менен бирге биринчи болуп урандын уланма реакциясын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырган. Советтик ядролук куралды чыгарууга катышкан. Лениндик сыйлыгы (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгы (1943, 1949, 1951, 1953) лауреаты. Беш Ленин, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]