Якорь

Википедия дан

Якорь (лат. ancora, гр. agkyra) кеменин кемени ж. б. сүзүүчү каражаттарды токтогон жайда кармап туруучу түзүлүш.

Ал атайын калыпка куюлуп, ширетилип же ургулап жасалат. Якорь кемеге чынжыр менен бириктирилип, сууга түшүрүлгөндөн кийин таманы кыртышка кирип бекийт. Якордун таманы кыймылсыз (адмиралдык Якорь) жана кыймылдуу болот. Салмагы 17 7га чейин жана андан да ашык, кармап туруу күчү орто эсеп менен өз салмагынан 10 эсе көп. Якордун курамына Якорь чынжыры, түшүрүүчү, көтөрүүчү, бекитүүчү жана Якорду жана чынжырын сактоочу жабдыктар (Якордук клюз, шпиль, брашпиль, стопор) кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4