Якубов, Осмон

Википедия дан

Якубов (Жакыпов) Осмон (1911, Өзгөн району, Миң-Булак кыштагы — 1944, Витебск облусу, Сиротино-Орша району, Орехи кыштагы) — Советтер Союзунун Баатыры (1944). 1941-жылдан Кызыл Армиянын катарында. Сталинград шаарынын жанында гвардиялык 67-аткычтар дивизиясынын гвардиялык 201-аткыч- тар полкунун 1-аткычтар батальонунда согушка катышкан. 1944-жылы 2-июнда Орехи кыштагын бошотууда душмандын дзотун талкалап, батальондун ча- буулга өтүшүнө жол ачып, эрдик көрсөтүп, өзү курман болгон. Өзгөн районундагы совхоз (борбор чарбагы: Ильич кыштагы). 1960-жылы - бир нече чакан колхоздордун базасында түзүлгөн. Эт, сүт өндүрүүгө жана тамеки өстүрүүгө активдүү салым кошкон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.