Ялымов Нареман Галимович

Википедия дан

Ялымов Нареман Галимович (1926-ж. т., Казак АССРи, Акмоло обл., Атбасар ш.) - жер астынан кен казуу боюнча адис, техникалык илимдин доктору (1988), проф. (2000), КР Инж. академиясынын корр. мүчөсү, КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

КРдин илимине эмгектин сиңирген кызматкер. Казак тоокен-металлургия институтун (Алматы ш., 1954), Кыргыз ССР ИАнын Too тектердин физикасы жана механикасы институтунун аспирантурасын (1961) бүткөн. Жезказган шаарындагы шахтада тоо-кен мастери, участка начальниги, башкы инженер (1954-58), Кыргыз ССР ИАда кенже илимий кызматкер, окумуштуу секретары болуп эмгектенген (1958-66), Пайдалуу кендердин жер кыртышында пайда болуу жана жайгашуусун аныктоо боюнча адис. 1966-жылдан лабораториялык башчысы болуп иштеген. Ал 120дан ашык илимий эмгектин, а. и. 8 монография, 4 ойлоп табуунун автору. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4