Ярозит

Википедия дан

Ярозит (Испаниядагы Барранко Ярозо деген жердин атынан) - сульфаттар классындагы минерал, KFe3(S04)2(0H)6.

Кошундусу Na. Тригон системасында кристаллданат. Өңү ачык сары, сары, саргыч күрөн же күрөң, айрымдары айнек сымал жалтырайт. Катуулугу 2,5 - 3,5; тыгыздыгы 2,93,3 г/см3. Кендердин кычкылдануу зонасында темир сульфидинин(пирит, пирротин ж. б.) өзгөрүүсүнөн пайда болот. Таза Я-тен жылмалагыч күкүм (крокус) алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4