Ярузельский Вбицех Витольд

Википедия дан
Ярузельский Вбицех Витольд (1968)

Ярузельский Вбицех Витольд (6. 7. 1923, Польша, Люблин воеводствосу, Курув айылы - 25. 5. 2014, Варшава) - аскердик жана мамлекеттик ишмер, армиянын генералы (1973), Польша Эл Республикасынын президенти (1989-90).

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Рязань жогорку жөө аскерлер окуу жайында окуп, 1943-ж. СССР аймагында түзүлгөн Тадеуша Костюшко атындагы 1-польшалык жөө аскерлер дивизиясынын катарында душмандардан Варшаваны ж. б. шаарларды бошотууга катышкан. Кийин генерал К. Сверчевский атындагы Генералдык штабдын академиясын бүтүргөн сон, аскердик окуу жайларда окутуучу, аскердик жогорку жетекчилик кызматтарда (1957-60), Польша аскерлеринин Генералдык штабынын начальниги (1965-73), Польшанын улуттук коргоо министринин орун басары (1962-68), министри (1968-83), Польша бириккен жумушчу партиясынын 1-секретары (1981-89), Польша Эл Республикасынын премьер-министри (1981-85), Мамлекеттик Советинин төрагасы (1985-89) болуп иштеген. 1990-ж. Я. Полыиада көп партиялар катышкан президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болуп, шайлоодо жеңишке ээ болгон Леху Валенсеге бийлигин тынчтык жол менен өткөрүп берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4