Ясиновский Леонид Лазаревич

Википедия дан

Ясиновский Леонид Лазаревич (19. 5. 1923, Киев - 5. 12. 2003, Ростов на-Дону) - совет актёру, театр режиссёру.

Кыргыз ССРинин эмгектин сиңирген арт (1961), Кыргыз ССРинин эл артисти (1967), СССРдин эл артисти (1989). Киев театр институтунда окуган (1941). Чыгармачылыгын 1946-ж. Киев транспорт театрында актёр болуп баштаган. 1953-2002-ж. Н. К. Крупская атындагы Орус драма театрында (азыркы Ч. Айтматов атындагы улуттук орус драма театры) иштеп, 100гө жакын роль аткарган. Я. драмалык, комедиялык, сатиралык, трагедиялык пландагы образдарды чебер аткарган. Анын негизги ролдору: Шадрин (Н. Погодин, «Мылтыкчан киши»), Виктор (А. Арбузов, «Иркут окуясы»), Епиходов (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Монахов (М. Горький, «Душмандар»), Эзоп (Г. Фигейреду, «Түлкү менен жүзүм»), Рысбек (Р. Шүкүрбеков, «Берекелүү өрөөн»), Масадык (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт») ж. б. Я. «Чечкиндүү адамдар» (В. Шукшин), «Сарынжи» (К. Эшмамбетов), «Ленинград проспектиси» (И. Шток) ж. б. спектаклдерди койгон. «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4