Ятрохимия

Википедия дан

Ятрохимия, химияатрия, иатрохимия (грек тилинен iatros - врач жана химия) - орто к. 16-17-к) алхимияда мед. үчүн дары жасоого аракеттенген багыт. Бул багыттын негиздөөчүсү жана көрүнүктүү өкүлү немец врачы жана химиги Т. Парацельс жана анын оюн улантуучулар алхимиктерден айырмаланып, кара металлды алтынга айландырууну эмес, дары жасоону максат кылышкан. Алар организмдеги процесстерди химиялык кубулуш деп эсептешкен, ал эми ооруну денедеги үч башталыштын (күкүрт, сымап жана туз) тиешелүү катышынын бузулушу менен байланыштырган. Ятрохимиктер окуусу боюнча дарыгер милдети -- ушул башталыштардын денедеги ашыктыгын же жетишсиздигин жоюу үчүн, организмге керектүү дары заттарды киргизүү. Ушундай зат катарында негизинен орг. эмес химиялык препараттар болгон күмүш, сымап, сурьма, мышьяк, жез, темир жана башка бирикмелерин Ятрохимиктер 1-жолу алышкан. Ошентип Я. өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Алхимиктер окуусуна таянгандыктан Я. көзкараш 18-к. башында өз маанисин жоготкон. Бирок химияны медицинада колдонуу көз карашы дагы бир кылымдай уланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]