Ала

Википедия дан

Ала (витилиго) — теринин айрым жерлеринде меланин пигментинин жоголушунан ар кандай көлөмдөгү жана формадагы ак тактардын пайда болушу менен мүнөздөлгөн оору. А-нын себептери белгисиз; нерв-эндокриндик бузулуулардан болушу мүмкүн. Көбүнчө жаш аялдар оорушат. Тактар бирибирине кошулуп, көлөмү чоңоёт. Так бар жердеги чачтар да агарат. А. организмдин жалпы абалына таасир тийгизбей, косметикалык дефект катары гана тынчсыздандырат. Айрым тактар өзүнөн өзү жоголушу мүмкүн. Дарылоо врачтын көрсөтмөсү менен жүргүзүлөт. Беттеги тактарды билдирбөө үчүн грим, суюк упа, марганец кычкыл калийдин эритмесин колдонсо болот. Күнгө күйгөн териде ак так даана байкалгандыктан узак мезгил күндө болуудан сактануу керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

[[]Категория: таажы 2012]]