Муниципалитет

Википедия дан

Муниципалитет (Немисче. munizipa-litat, латынча municipium – өзүн-өзү башкаруучу жымыят (коом) – жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасындагы орган.

Бир катар өлкөлөрдө (Австралия, Венесуэла) – төмөнкү администрациялык-аймак-тык бирдик. Муниципалитет туура келген администрациялык-аймактык округдун калкы тарабынан шайланат. Мэрия, бургомистр баш болгон шайланма коллегиядан жана аткаруучу аппараттан турат. Коммуналдык ишканалар жана турак-жай фонду Муниципалитеттин менчиги. Аларга жергиликтүү полиция (милиция), мамлекеттик мектептер, медициналык мекемелер, социалдык камсыздоо органдары баш ийет. Муниципалитеттин кирешесинин булагы болуп жергиликтүү калктын салык алуу ж. б. (туризм, кайрымдуулук) эсептелет. Эреже катары муниципалдык кирешелер жашоо керектөөлөрүн толугу менен камсыз кыла албайт.

Бул болсо алардын борбордук бийликтен финансылык көз каранды болушуна алып келет. Кээ бир учурларда Муниципалитеттин иштеринде өз алдынчалык жана көз каранды сыздык жоголуп, өзүн-өзү башкаруу органынан жалпы мамлекеттик администрациясынын органына айлануусу байкалган. Бир катар мамлекеттерде борбордон дайындалган өкүлдөр Муниципалитетин чечим-дерин жокко чыгарууга чейинки кеңири полномочиялар менен белгиленишет. Өзүн-өзү башкаруучу орган катары Муниципалитет – демократиянын башкы институту.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Политалогия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9