Үгөчү

Википедия дан

Үгөчү (Угэчи, Ugetchi, Ökâtchi (т. ж. б. - 1415)) - чорос княздыгына каршы күрөш жүргүзгөн кыргыз урууларынын башчысы.

Бул кыргыз уруулары 14-кылымдын 80-ж-на чейин Иле - Иртыш сууларынын аралыгында турушкан жана Тимуриддер мамлекетинин негиздөөчүсү Тимурдун тынымсыз кол салууларынан кийин Алтай (Моңгол Алтайы) тарапка чегинүүгө мажбур болгон. 14-кылымдын 90-жылдарында ойрот феодалдарынын бир нечесин баш ийдирүүгө жетишкен жана 1399-ж. алардын башкы ханы Элбектин колун талкалап, аны өлтүргөндөн кийин моңгол урууларынын басымдуу бөлүгү Үгөчүгө баш ийген. 1402-ж. ал өзүн хан жарыялоого аракет кылган. Мин императору аны колдогон, бирок чорос урууларынын жаңы кол башчысы Батуланын каршылыгы ага тоскоолдук кылган. 1415-ж. Үгөчү Батуланы өлтүрүп, көп өтпөй өзү да каза болгон. Үгөчү өлгөндөн кийин анын ордун уулу Эсеху ээлеген (1415-25).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4