Үзгүлтүксүз бөлчөк

Википедия дан

Үзгүлтүксүз бөлчөк, чынжыр бөлчөк - математикалык ыкманын бир түрү; ал сан жана функцияларды туюндурат.

Үзгүлтүксүз бөлчөк (а0; av а2, а3, ...)=а0+----------;--------түрүндөгү туюнтма, мында а0~ ар кандай бүтүн сан, а1,а2,...,ап~ натуралдык сандар, булар берилген Үзгүлтүксүз бөлчөктүн толук эмес тийиндилери же элементтери деп аталат. Элементтеринин санынын чектүү же чексиздик болушуна карата Үзгүлтүксүз бөлчөк чектүү же чексиз болот. ЧектүүҮзгүлтүксүз бөлчөк дайыма рационалдык санды туюнтат; тескерисинче, ар кандай рационалдык сан чектүү Үзгүлтүксүз бөлчөк түрүндө туюнтулат. Сандардын мындайча ажыратылышы жалгыз бирөө гана болот. Квадраттуу иррационалдуулуктар мезгилдүү Үзгүлтүксүз бөлчөккө ажыратылат. Чексиз Үзгүлтүксүз бөлчөктүн жардамы менен жазылган сандардын иррационалдуу экендигин алгач немис математиги И. Ламберт (1766) далилдеген. 19-кылымда элементтери көп мүчө болгон Үзгүлтүксүз бөлчөктү П. Л.Чебышев, A. А. Марков ж. б. орус математиктери ортогоналдык көп мүчөлөрдү изилдөөдө колдонушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4