Үзөңгү-Кууш өрөөнү

Википедия дан

Үзөңгү-Кууш өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо, Жети-Өгүз районунун аймагында.

Түштүгүнөн Какшаал, түндүгүнөн Борколдой, Карлы-Тоо, чыгышынан Карлы-Кыр тоолору, батышынан Көбүргөнтү ашуусу менен чектешет. Уз. 70-80 км, туурасы 2-5 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 26003800 ж. Олигоцен менен плиоценде Үзөңгү-Кууш тектон. жаракалары аркылуу тоолор көтөрүлүп, палеозой тектери ийилип, Үзөңгү-Кууш мегасинклиналдык структурасы түзүлүп, өрөөндө кызыл түстүү тоо тек жана плиоцендин чөкмөлөрү топтолгон. Неогендин аягы - антропогендин башында өрөөндүн таманы көтөрүлө баштап, неоген тектеринин үстүн байыркы морена тектери каптап калган. Шиленди морена тектеринин калдыктары жана көп майда көлдөр кезигет. Азыркы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 394 кмг, эң ирисинин узундугу 14 км. Мөңгүлөрдүн этеги 38004200 ж бийиктикте жатат. Климаты континенттик, мелүүн. Жаан-чачын аз (170-250 жж). Көп жылдык тоң кеңири таралган. Шыбак, кара кыйгак, өлөң чөп, бетеге, доңуз сырты, көбүргөн, ыраң, суу бойлорунда жылгын, төө куйрук ж. б. өсүмдүктөр өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4