Үйдөгү бакча

Википедия дан

Үйдөгү бакча – өзүмдүк тарбия мекемеси. Педагогика билими, тажрыйбасы, үйдө шарты бар адамдардын демилгеси менен түзүлөт. Окуу-тарбия иш-аракеттери «Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо, окутуу жана өркүндөтүү» боюнча түзүлгөн мамлекеттик программанын негизинде түзүлгөн атайы билими бар педагог-тарбиячы же инициативдүү ата-энелер аркылуу уюштурулат.

Үй-бүлө бакчасынын уюштуруучулары окуу-тарбия ишинин мазмунун жакын аралыкта жайланышкан балдар бакчасы менен тыгыз байланышта алып барат, методикалык иштерине активдүү катышат. Азыркы учурда биздин республикада да мындай балдар бакчалары алыскы айылдарда, шаар жерлеринде ачылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004