Үй-бүлө

Wikipedia дан
Байыркы үй бүлө. (Франсиско Гойдун сүрөтү )

Үй бүлө – нике же кандаш бир туугандык мамиледе турган топ. Кыргыздардын үй бүлөсү тарыхый өнүгүштө бир нече баскычты басып өткөн. 19-кылымда үй бүлөнүн 2 түрү басымдуулук кылган: бөлүнбөгөн чоң үй бүлөлөр жана кичи үй бүлөлөр.

Чоң үй бүлөлөр ата-эне, өзүнүн балдары, үйлөнгөн балдары жана неберелеринен турган. Мындай үй бүлөдө 3–4 муундун өкүлдөрү жашап, бүлө мүчөлөрүнүн саны 20–30га чейин жеткен. Малы, буюмдары үй бүлөлүк байлык деп эсептелип, тамак-ашы, оокат-тиричилиги жалпы болгон. Бүлөнүн саны көп болгондуктан, алардын чарбасы бекем болуп, ар кандай күтүүсүз жагдайларга туруштук бере алышкан.

Кээ бир чоң үй бүлөлөрдүн чарбасы көп кырдуу болгон – мал багуу дыйканчылык менен кошо жүргөн. Чоң үй бүлөлөрдө салттуу турмуштун үрп-адаттары көбүрөөк сакталып, жаңы өсүп жаткан муундарга улуттук өзгөчөлүктөрдү көбүрөөк бере алган. Албетте, мындай үй бүлөлөр дайыма эле ынтымактуу жашаган эмес.

Өз алдынча чарба күтүү, түтүн булатуу күч алып, моногамдык никеге негизделген кичи үй бүлөлөр бара-бара басымдуулук кыла баштаган. Алар чоң үйдөн өз энчисин алып кеткен жубайлар же үйлөнгөндөн кийин өз алдынча түтүн булатуу жолу аркылуу түзүлгөн. Моногамдык үй бүлө дыйканчылык менен тиричилик кылган аймактарга мүнөздүү. Мындай үй бүлөдө жаңычыл мамилелер тезирээк орун алып, аял киши өзүн эркин алып жүргөн. Бирок, алар тууган-урук системасынан биротоло чыга алышпастан, бир атанын балдары, топ же ража деген туугандыкка негизделген бирикмелердин негизин түзүп, ага байланыштуу жол жоболорду, милдеттерди чогуу аткарышкан. Жайыты бир болуп, татаал эмгек процесстерин биргелешип бүтүрүшкөн. Салттуу коомдо үй бүлө патриархалдык-феодалдык]], урук-уруулук мамилелерге негизделген социалдык бирикме болуп эсептелген. Үй-бүлөнүн турмушу материалдык (биологиялык, чарбалык) жана рухий (нравалык, укуктук, психологиялык, этикалык) көрүнүштөр менен мүнөздөлөт. Үй-бүлөнүн тарыхында анын ар-кандай түрлөрү болгон. Алгачкы коомдо (матриархат) негизги орунду аял ээлеп, ал уруунун башында турган, аталык доордо бийлик ата же күйөөнүн колуна өткөн. Өнөр жайынын, илимий-техникалык революциянын өнүгүш мезгилинде аялдар жана Үй-бүлөнүн бойго жеткен мүчөлөрү үй-оокатын жасоо менен коомдук эмгекке активдүү катышып, тапкан эмгек акысына өздөрү ээ болушат. Үй-бүлөсү менен коомдун өз ара карым-катнаш системасы, биринчиден, Үй-бүлө менен жеке адамдын, экинчиден, үй-бүлөнүн өнүгүшүндө чоң мааниге ээ болгон үй-тиричилик жана коомдук тарбиялоо кызматын аныктайт. Азыркы учурда укук нормалары аркылуу Үй-бүлө мүчөлөрүнүн (күйөөсү менен аялынын, ата-энеси менен балдарынын) укуктары жөнгө салынып турат. Үй-бүлөнүн дагы бир негизги коомдук парзы – адам баласынын тукумун улантуу.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004.