Мазмунга өтүү

Үй-бүлө балдар бакчалары

Википедия дан

Үй-бүлө балдар бакчалары - (орус. Семейный детский сад) – айыл жерлеринде, шаарларда мектепке чейинки курактагы балдарды үй-бүлө шартында багып, тарбиялоочу өзүмдүк тарбия мекемелери.

Үй-бүлө балдар бакчаларындагы шартка жана ата-энелердин суроо-талабына ылайык балдар 2 жаштан 6-7 жашка чейин тарбияланышат. Тарбиялоочу адамдын атайы педагогика билими болушу керек, же педагогдордун билимдерин жогорулатуучу курстардан өтүшү зарыл. Окуу-тарбия иш-чаралары мамлекет «Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо, окутуу жана өркүндөтүү» деген программанын негизинде уюштурулат. Үй-бүлө бакчасындагы иштин тартиби, иштин мазмуну иштелип чыгып, ата-энелер менен келишим түзүлөт.



Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004