Үй-жай

Википедия дан

Үй-жай - адамдын жалпы муктаждыктарын (көбүнчө тамак-аш даярдорго, тамактанууга, эс алууга жана уктоого) канааттандыруу үчүр, социалдык жиктелүү пайда болгондон тартып мартабасын ашыруу үчүн, аба ырайынын жагымсыз шарттарынан коргонуу үчүң климаттык шарттарга ылайык ыңгайлаштырылган табигый же жасалма баш калкалоочу жай.

Үйгө болгон муктаждык бир бөлмөлүү там, бирден бөлмөсү бар бир нече там же бир нече бөлмөсү бар там менен канааттандырылат. Күндөлүк пайдаланылган жана майрамдарда керектелүүчү бөлмөлөрү катар жайгашкан үй өзгөчөлөнүп турат. Көп бөлмөлүү үйлөр алгачкы бир бөлмөлүү үйгө кошумча бөлмө кошуу менен же аны экиге бөлүү менен жасалат. Көп бөлмөлүү үйлөр адатта горизонталдуу, кээде вертикалдык (мунара үйлөр) структурада болот. Үйдүн борбору (куттуу жери) очок болгон. Алгачкы ачык жасалган очок өз эволюциясында тамак бышыруучу мештерге, жылытуучу мештерге айланды. Жертөлө, жер бетине курулган, жерден көтөрүлүп салынган үйлөр болот; алардын арасында өткөөл форма катары жарым жертөлө жана пайдубалдын үстүндөгү секиге курулган там турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.