Үй-тиричилик жанры

Википедия дан

Үй-тиричилик жанры, турмуш тиричилик жанры сүрөт искусствосунун күндөлүк жеке жана коомдук турмушка арналган бир түрү.

Үй-тиричилик жанры 16-кылымдан кеңири белгилүү. Анын прогрессчил өнүгүшүнө (П. Брейгель, Я. Вермер, Д. Веласкее, Ф. Гойя, Г. Курбе, А. Венецианов, И. Федотов), көргөзмө сүрөт өнөктүгүнүн (В. Перов, И. Репин, Н. Касаткин ж. б.) демократиялык жана реалисттик багыттагы тенденциялардын өөрчүшү, сүрөтчүлөрдүн калктын турмуш-тиричилигине жана эмгегине кайрылуусу, социалдык маселелердин кеңири коюлушу зор роль ойногон. Советтик искусстводо (Б. Кустодиев, Ю. Пименов, А. Пластов, С. Чуйков, Г. Айтиев, Л. Ильина, С. Акылбеков ж. б.) Үй-тиричилик жанры негизги орунду ээлейт. Анын башкы түрү - тиричилик (жанрдык) живописи. Үй-тиричилик жанры скульптура менен графикада да кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4