Үкү балбан Ноорузбай уул

Википедия дан

ҮКҮ БАЛБАН Норузбай уулу (туулган жылы белгисиз – август, 1916) – 1916-жылы кыргыздардын улуттук-боштондук күрөшүнүн жигердүү катышуучусу, жетекчилеринин бири. Токмок уездинин Шамшы – Бурана болуштугундагы (азыркы Онбиржылга айылы) баарың уругунан чыккан. Канат хандын туу көтөргүчү болуп дайындалган. Токмок шаары үчүн 1916-жылы 13–16-августа болгон кармашта ал башында турган көтөрүлүшчүлөрдүн тобу падыша аскерлерине капысынан сокку уруп, бир нече ирет бүлгүн салган.

Чечүүчү салгылаш болгон күнү Үкү балбан тынымсыз ок атып жаткан пулемётчуну качырып кирип, аны шыргый найза менен өлтүрө сайган. Бул айкашта Үкү балбандын чекесине ок жаңылып, курман болгон. Анын сөөгүн аты өз кошуунуна алып келген. Көрсө өз өмүрүнөн эркиндикти жогору туткан намыскөй балбан бул айкаштан аман чыкпасын сезип, «Өлсөм сөөгүм орустардын колуна тийип, кор болбосун», – деп эки бутун минген күлүгүнүн үзөңгүсүнө бекем байлатып алган экен.

Үкү балбандын салмагы жарым тоннадан ашык таштарды көтөргөндүгүн, улак ордуна торпок тарткан күчүн, күрөштө далысы жерге тийбеген балбандыгын, ар-намыс үчүн өлүмгө баш байлаган эрдигин эл бүгүнкү күнгө чейин аңыз кылып айтып келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]