Үлгү (этнография)
Үлгү (этнография) - көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу кооз буюмдун кагазга же башка жердикке (кийиз, кездеме, таар, тери, темир, жыгач, мүйүз) түшкөн түрү.
Кооз буюмду башкага көчүрүү да үлгү болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4