Үлүш

Википедия дан

Кыргыз элинин жайлоо майрамы.
Адатта аны жайлоого жаңыдан көчүп барганда үч-төрт күн кымыз жыйнап, кочкор союп, аны куйкалап өткөрүшкөн.
Дегиңкиси үлүш кыргыз элинин пейилинин кенендигин, адамгерчилигин, кайрымдуулугун, боорукердигин ж.б. жакшы сапаттарын билдирет. Алсак, кызыл бастырылып, саман-топонунан арылганда алгачкы үлүш моло ташты тарткан атка деп, жембаштыгына салынып, ошол атка илинет. Андан кийин айылдагы жетим-жесир, кары-картаӊдарга берилип, алардан ыраазылык алынат. Мына ушундан кийин гана кызыл сузулат, берекеси артат.
Мурунку учурда капыстан мейман келип, мал союлганда кембагалдарга үлүш берилмейин казан асылган эмес.
Малдын төлү бөлүнгөндө да жарды-жалчыга үлүш бөлүнгөн.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.