Үмөтаалы Эсенаман уулу

Википедия дан

Төкмө акын. Ал 1876-жылы Талас өрөөнүндө туулган. Уруусу кушчу, кыржы уругунан. Замандаштары Токтогул, Эшмамбет, Калык менен кезигип, аш-тойлордо жарчылык укугун алуу үчүн айтышкан. Эл арасында мындай айтыштарда көбүнчө Үмөтаалы жеңгендиги эскерилет. Үмөтаалы ак таңдай Эсенамандын уулу, Алымкулдун устаты болгон. Өтө бийик жана уккулуктуу үнү, адамдык касиети карапайым калк ичинде анын аброюн абдан көтөргөн. Чыгармалары жазылып алынбай, башка айтуучулар тарабынан айтылбай да калган.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үмөөталы менен Эшмамбеттин айтышы(жеткиликсиз шилтеме)