Үндү анализдөө

Википедия дан

Үндү анализдөө - татаал үн процессин бир нече жөнөкөй термелүүлөргө ажыратуу.

Үндү анализдөөнүн эки түрү - жыштык жана убакыт боюнча анализдөө колдонулат. Жыштык боюнча Үндү анализдөөдө үн сигналы жыштыгы, фазасы жана амплитудасы менен мүнөздөлүүчү гармоникалык термелүү түзүүчүлөрдүн суммасынан турат. Жыштыктуу Үндү анализдөө амплитудалык түзүүчүлөрдүн жыштык боюнча бөлүнүшүн алууга мүмкүндүк берет. Мисалы, автомобилден чыккан чуунун термелүү спектрин (жыштыгын жана амплитудасын) билип, үндүн күчүн басаңдатуучу механизмдин (глушителдин) конструкциясын эсептеп чыгууга болот. Убакыт боюнча Үндү анализдөөдө үн сигналы пайда болуу убактысы жана амплитудасы менен мүнөздөлүүчү кыска импульстардын суммасынан түзүлөт. Убакыт боюнча Үндү анализдөө методу - гидролокаторлор менен эхолоттордун иштөө принцибинин негизи.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.