Үнсүздөр

Википедия дан

Үнсүздөр - өпкөдөн чыгып келе жаткан абанын агымы ооз көңдөйүндө тоскоолдукка учурап, ал тоскоолдукту күч менен жарып же ага сүрүлүп өтүүдөн пайда болот.

Үнсүз тыбыштар негизинен шыбыш аркылуу жасалат да, бири-биринен өзүнө мүнөздүү шыбышы аркылуу айырмаланат. Кыргыз тилинде 20 үнсүз бар: б, п, г, к, х, д, з, с, ж, ш, ч, м, н, ң, л, р, й, в, ф, т.

Алар артикуляциялык аспектиде төмөнкүчө классификацияланат: Сүйлөө органдарынын чыңалышынан пайда болгон тоскоолдукту аба агымы күч менен (алсыз) жарып чыгышына карата 1) каткалаң (күчтүү) үнсүздөр: п, т, с, ш, ч, к, ф, х; 2) жум-шак (алсыз) үнсүздөр: б, в, д, з, ж, г; 3) уяң (сонант) үнсүздөр: л, м, н, ң, р, й болуп бөлүнөт. Ү. каткалаң-жумшактыгы менен корреляцияны түзүшсө, уяңдар бул корреляцияга кирбейт. Уяң үнсүздөр акустикалык жактан үндүүлөргө жакын турат, бирок муун түзүү жөндөмдүүлүгүнө ээ эмес.

Тоскоолдукту пайда кылган сүйлөө органдарына жана тоскоолдуктун ордуна карай эринчилдер жана тил-тишчилдер болуп бөлүнөт. Эринчилдер өзара кош эринчил (б, п, м) жана эрин-тишчил (в, ф) болуп бөлүнөт. Тилдин катышуусу менен үнсүздөр тилдин арткы, түпкү, ортоңку бөлүктөрүндө жана учунда жасалат. Уччулдар тилдин учунун астыңкы тиштин бүйлөсүнө тийишинен (с, з, т, д, н); тилдин учунун катуу таңдай менен бүйлөгө тийишинен (л, ж) жана тилдин учунун бир аз жогору көтөрүлүшүнөн (ш, р) болуп бөлүнөт. Артчылдар тилдин арткы бөлүгү жумшак таңдайга тийишүүдөн жасалса (к, г, х. ң); орточулдар тилдин ортоңку бөлүгү жогору көтөрүлүп, катуу тандайга тийишүүдөн жасалат (ч, й); ал эми түпчүлдөр жумшак таңдайдын төмөн түшүп, тилдин түбүнө тийишүүсүнөн пайда болот (кь, гь).

Үнсүздөр жасалуу ыгы боюнча жарылмалар, жылчыкчылдар, дирилдемелер болуп үчкө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4