Үн жазуу

Википедия дан

Үн жазуу - үн маалыматын сактоо процесси, Атайын приборлордун (микрофон, микшерь пульту, магнитофон ж. б.) жардамы менен, үн алып жүргүчкө (грампластинка, магнит тасмасы, компакт-диск ж. б.) 20-20 000 Гц диапазондогу термелүүнү (музыка, сүйлөө речи, түрдүү үндөр ж. б.) сактайт.

Алып жүргүчкө сакталган Үн жазуусу фонограмма деп аталат. Үн жазууда керектелүүчү жабдыктар: үн термелүүсүн электр термелүүсүнө өзгөртүүчү прибор (микрофон) же тон (үн) генератору (мис., үн синтезатору, семплер), электр термелүүсүн цифралардын удаалаштыгына өзгөртүүчү түзүлүш (цифралык жазууда), сактоо үчүн түзүлүштөр (магнитофон, компьютердин катуу диски ж. б.) Үн жазуу сактоо ыкмасына карата 2 түргө бөлүнөт: аналогдуу жана цифралык. Аналогдуу Үн жазуунун түрлөрү: мех., электр-мех., оптикалык (фотогр.), магниттик. Цифралык Үн жазуунун түрлөрү: магнит-цифралык, магнит-оптикалык, лазердик, оптика-цифралык, цифралык аудиоформаттар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4