Үпчүн

Википедия дан

Үпчүн (моңголчо лупч) — эпостук баатырлардын жоо кийими (соот). "Манас" эпосундагы "Үпчүн кийген эр келгин, Кара куйрук шер келгин" (Сагымбай Орозбаков, 4. 35), — деген саптардан бул термин мурун эле эпикалык тексттерде болгондугун жана түпкү мааниси боюнча гана колдонулгандыгын туюндурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4