Үркөрбоо

Википедия дан

Үркөрбоо (моңголчо ухер — өгүз, кытайча пао — мылтык) — замбиректин энчилүү аты. "Манас" эпосунда жоокердик курал катары айтылат. "Үркөрбоо деген замбирек, Он эки билге тарттырып" (Сагымбай Орозбаков, 2. 408), "Үркөрбоо деген замбирек Үрпөңдөштү бадирек" (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1787инв., 368-б.). Бул термин моңгол тилинен кирген. Эпос боюнча өгүзгө жүктөп алып жүрүүчү замбиректи түшүндүрөт. Контексттеги терминдин мааниси замбиректин энчилүү атын жана замбирек жөнүндөгү түшүнүктү туюндуруп турат. Албетте, бул моңгол доорунан бери сакталып келаткан термин дешке болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4