Үсөнбаев Алымкул

Википедия дан
Үсөнбаев, Алымкул‎»‎ барагынан багытталды)

Алымкул Үсөнбаев (1894, Талас дубаны, Манас ооданы(Киров оданына)на караштуу кировка айылы – 02.08.1963, Фрунзе) - төкмө-акын, чебер комузчу, аткаруучу, Кыргыз КСРинин эл артисти.

Алымкул 12 жашында ата-энесинен ажырап, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. А.Үсөнбаев 14 жашынан ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына таанылат.

17–18 жаштарга келгенде бүткүл Талас өрөөнүнө белгилүү болот. Ошол мезгилде Токтогул Талас өрөөнүнө келип, Алымкулду Муса деген киши Токтогул менен жолуктурат. Токтогулга Алымкул ырдап учурашат.

Балбай Алагушов жазганына караганда (1), Алымкул Токтогулга 15 жашында жолуккан. Көзкарашы калыптанып келаткан жаш ырчыга Токтогул акыл-насаатын айтып, ээрчитип жүрүп өнөрүн үйрөтүп, чыгармачылык багыт берген.

1931-ж. Покровка ооданындагы "Арал" колхозуна мүчө болуп, колхоз турмушу акындын негизги темасына айланат.

1936-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик филармониясына артист болуп кирип, өмүрүнүн акырына чейин талыкпай иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Алымкул элди жеңишке үндөп, жоокерлердин эрдигинин даңазалаган ырларды чыгарган. 1943-жылы Ленинградга Кыргызстандан жиберилген 34 вагон тамак-ашты жардамды коштогон делегациянын катарында Алымкул да болгон.

Алымкул Үсөнбаевдин "Ырлар" аттуу биринчи жыйнагы 1938-жылы басмадан чыгып, андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи Бөкөй» аттуу поэмалары, «Кожожаш» аттуу жомогу жазылып алынып бир нече ирет китеп болуп басылган.

Токтогул жөнүндө бир нече баалуу эскерме жазып калтырган, Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда зор эмгек сиңирген.

А.Үсөнбаев 1938-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

1939-жылы Кыргыз искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген ардактуу наам берилген.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолу депутат болуп шайланган.

А.Үсөнбаев Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каармандык эмгеги үчүн» медалы менен жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Бишкекте бир көчөгө, Талас областында Манас районунун Арал айылындагы мектепке, Өзбекстандын Наманган областында Коргонтөбө районунун Моңол айылындагы мектепке Алымкулдун ысмы берилген.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде жазылган:


Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 34. б.

Ырлар жана поэмалар.–Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 92 б.

Кожожаш: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 172 б.

Саринжи-Бөкөй: Поэма. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 218 б.

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 34 б.

Жолборс минген киши: Эл жомогу. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 16 б.

Олжобай менен Кишимжан: Поэма. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 192 б.

Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 92 б.

Согушуп жаткан эрлерге: Ата Мекендик согушка арналган ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1942. – 88 б.

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 55 б.

Комуз: Тандалмалуу ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 182 б. Улуу дос: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 100 б.

Улуу дос. 1950.

Тынчтык жана эмгек жөнүндөгү ырлар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 132 б.

Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 376 б.

Кожожаш: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 154 б.

Олжобай менен Кишимжан: Лирикалык поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 158 б.

Too булбулу: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 162 б.

Биринчи бригада: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 182 б.

Бактылуу балдар: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 40 б.

Саринжи-Бөкөй: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 155 б.

Тандалган чыгармалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 480 б.

Көзөлшаа: Элдик жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 106 б.

Аксы багытында: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 116 б.

Бакыт ыры: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 191 б.

Арноо: Ырлар. (Өспүрүмдөр үчүн). – Ф.: Мектеп, 1964. – 122 б.

Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 384 б.

Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы: Ырлар, поэмалар, жомоктор. – Ф.: Кыргызстан, 1973, 1981. – 581 б.

Жолборс минген киши: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1974. – 14 б.

Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 90 б.

Турмуштук жөө жомокторду үйрөнүү. – Ф.: Мектеп, 1976. – 115 б.

Жолборс минген киши: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1983. – 12 б.

Таалай ырлары: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 120 б.

Орус тилинде:

Ант: Стихи. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 19 с.

Присяга: Стихи и песни. – Ф.: Киргизгосиздат, 1941. – 19 с.

Моя земля. Ырлар. – М.: Гослитиздат, 1954. – 351 с.

Комуз: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 114 с.

Человек и тигр. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 15 с.

Жаңыл Мырза. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 52 с.

Сказание об охотнике Коджожаше: Эпос. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 182 с.

Олжобай и Кишимджан. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 81 с.

Сказание о Саринджи: Эпос. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 130 с.

Человек и тигр: Легенда. – Ф. Киргизучпедгиз, 1958. – 15 с.

Человек и тигр: Легенда. – Ф. Мектеп, 1976.–12 с.

Человек и тигр: Легенда. – Ф. Мектеп, 1984. – 10 с.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Байходжоев С. Алымкул Усонбаев. Ф., 1962.
  • История киргизской советской литературы. М., 1970.
  • Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 341-б. Б.Алагушов.